Кыргызстанда энелер күнү. Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосу
Экс-Президент Алмазбек Атамбаев Энелер Күнү менен куттуктуктоосун жөнөткөн. Куттуктоо сөзүн толук келтиребиз:
Урматтуу Кыргызстандын айымдары, чын дилимден сиздерди Энелер Күнү менен куттуктайм!
Энелерибизге ар бирибиз таазим этүүгө милдеттүүбүз. Апалардын көйгөйүнө көбүрөөк көңүл буруп, эненин кадыр-баркын көтөрүү үчүн мен өз убагында май айынын үчүнчү жекшембисин Энелер күнү деп эсептөө демилгесин көтөргөм.
Биздин энелерибиз дайыма эсибизде болушу керек. Азыр апалар өлкөдөгү каатчылык абалына байланыштуу уул-кызын ойлоп, тынчсызданып турган кези.
Сиздерге таазим кылам! Кыргыз апалары үчүн, жалпы эл үчүн жаркын жашоо келет! Майрамыңыздар менен! Ден соолук, чыдамкайлык жана кыйынчылыктан өтүүгө күч кубат каалайм!
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: